КАРА-БИЙ СУРЬМА КЕНЧЕСИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРА-БИЙ СУРЬМА́ КЕНЧЕСИ Баткен облусунун Кадамжай районунда, Кара-Бий кырка тоосунун түндүк капталында, Кара-Жантак кыш-нан 7 км түштүктө, деңиз деңгээлинен 1200–1500 м бийикте. 1961–92-жылдарда мезгил-мезгили м-н кен издөө иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы силур ж-а карбон мезгилдеринин карбонат-терриген комплекстеринен түзүлгөн. Кен гидротерм таасирине дуушарланып, брекчияланган ж-а кеңдик багытта созулуп жаткан роговик-жаспероид зонасына топтолгон. Негизги минералдары: антимонит, валентинит. Сурьманын орточо өлчөмү 2,38%. Кенташтын болжолдуу ресурсу 29,9 миң т; сурьманыкы – 711 т.