КАРАБАХ ХАНДЫГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАБА́Х ХАНДЫГЫ – Азербайжандагы Аракс ж-а Кура д-нын аралыгында жайгашкан 18–19-к-дагы феодалдык мамлекет. Панах Али­хан (1740–59) 1747-ж. негиздеген. Ал Гянжин, Ереван, Нахичевань ж-а Ардебиль хандыктары­на өз таасирин тийгизген. К. х-нын калкы не­гизинен дыйканчылык, малчылык ж-а багбан­чылык м-н кесиптенип, килем, булгаары буюм­дары м-н атагы чыккан. К. х-н Иран же Түркия­нын басып алуу коркунучунан улам Ибрагим Халилхан (1759–1806) коргоп калуу өтүнүчү м-н 1783- ж-а 1797–99-ж. Россияга кайрылып, К. х. 1805-ж. Россиянын карамагына өткөн. 1822-ж. хандык башкаруу жоюлуп, орус аскер администрациясы м-н алмашылган.