КАРАБАХ ХАНДЫГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАБА́Х ХАНДЫГЫ – Азербайжандагы Аракс ж-а Кура дарыяларынын аралыгында жайгашкан 18–19-кылымдардагы феодалдык мамлекет. Панах Али­хан (1740–59) 1747-жылы негиздеген. Ал Гянжин, Ереван, Нахичевань ж-а Ардебиль хандыктары­на өз таасирин тийгизген. Карабах хандыгынын калкы не­гизинен дыйканчылык, малчылык ж-а багбан­чылык м-н кесиптенип, килем, булгаары буюм­дары м-н атагы чыккан. Карабах хандыгын Иран же Түркия­нын басып алуу коркунучунан улам Ибрагим Халилхан (1759–1806) коргоп калуу өтүнүчү м-н 1783- ж-а 1797–99-жылдарда Россияга кайрылып, Карабах хандыгы 1805-жылы Россиянын карамагына өткөн. 1822-жылы хандык башкаруу жоюлуп, орус аскер администрациясы м-н алмашылган.