«КАРА-БАЛТА ТОО-КЕН КОМБИНАТЫ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:24, 30 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КАРА-БАЛТА ТОО-КЕН КОМБИНАТЫ» – ак­ционердик коом (1997). Кара-Балта тоо-кен ком­бинатынын базасында түзүлгөн. Ишкана ура­ны бар кендерден уран чала оксидин, молиб­денди өндүрөт, дем алуу органдарын коргоочу «Лепесток» каражатын чыгарат. Комбинаттын курамына гидрометаллургия заводу, борбордук илим-изилдөө лабораториясы, «Чолпон» фабрикасы, темир жол цехи, басмакана, байланыш түйүнү, транспорт участ­касы, тоо-техникалык ж-а реабилитациялык иштер боюнча башкармалык ж-а профилакторий кирет. Продукциянын негизги түрүн гидрометаллургия заводу иштеп чыгат. Бул ураны бар сырьёну кайра иштетүүчү ири өнөр жай комплекси 1955-жылы куру­луп, пайдаланууга берилген.