КАРАБАЕВ Нурудин Абылаевич
КАРАБАЕВ Нурудин Абылаевич (27. 7. 1951- ж. т., Талас р-ну, Калба айылы) – а. ч. илимд.
доктору (2000), проф. (2003). К. И Скрябин атн. КАЧИни (1973), Кырг-н топурак таануу ИИИнин аспирантурасын (1979) бүтүргөн. 1973-жылдан Кара-Буура р-нундагы Көк-Сай мамл. асыл тукум чарбасында агроном болуп иштеген. 1974- жылдан Кырг-н топурак таануу ИИИде ага ил. кызматкер, 1982-жылдан лабор. башчысы. 1986– 88-ж. Кыргыз ил.-тех. информация ин-тунда Агро-ө. ж. комплекси бөлүмүнүн башчысы, 1989–91-ж. КРдин Айыл, суу чарба ж-а кайра иштетүү министрлигинин продукция даярдоо
ж-а сапатын текшерүү мамл. инспекция-башкармалыгынын башчысынын орун басары. 1991- жылдан КАУда доцент, кафедра башчысы, 2000– 04-ж. проректор. 2004–09-ж. Агроинженерия ин-тунун директору, 2009-жылдан проф., 2011- жылдан декан. Агрономия, топурак таануу, топурактын асылдуулугун изилдөө, агрохимия, дыйканчылык ж-а экология маселелерине арналган 200гө жакын ил. эмгектин, а.и. 5 монография, 3 окуу китептин автору.
Эмг.: Өсүмдүктөрдүн фитомассасы жана алардын топурактын асылдуулугуна тийгизген таасири. Ф., 1989; Кыргызстандагы дыйканчылыктын негиздери. Б., 1993; Донные наносы водохранилищ и их использование в сельском хозяйстве. Б., 1999; Агрохимико-экологические основы плодородия и продуктивности горных почв Кыргызстана. Б., 2000; Агрономия. Б., 2009.