КАРАБАЕВ Нурудин Абылаевич
КАРАБАЕВ Нурудин Абылаевич (27. 7. 1951- жылы туулган, Талас району, Калба айылы) – айыл чарба илимдеринин
доктору (2000), профессор (2003). К. И Скрябин атындагы КАЧИни (1973), Кыргызстан топурак таануу ИИИнин аспирантурасын (бүтүргөн (1979) . 1973-жылдан Кара-Буура районундагы Көк-Сай мамлекеттик асыл тукум чарбасында агроном болуп иштеген. 1974- жылдан Кыргызстан топурак таануу ИИИде ага илимий кызматкер, 1982-жылдан лаборатория башчысы. 1986–88-жылдарда Кыргыз илимий-техникалык информация институтунда агро-өнөр жай комплекси бөлүмүнүн башчысы, 1989–91-жылдарда КРдин айыл, суу чарба ж-а кайра иштетүү министрлигинин продукция даярдоо ж-а сапатын текшерүү мамлекеттик инспекция-башкармалыгынын башчысынын орун басары. 1991-жылдан КАУда доцент, кафедра башчысы, 2000– 04-жылдарда проректор. 2004–09-жылдарда Агро-инженерия институтунун директору, 2009-жылдан профессор, 2011- жылдан ошол институттун декан. Агрономия, топурак таануу, топурактын асылдуулугун изилдөө, агрохимия, дыйканчылык ж-а экология маселелерине арналган 200гө жакын илимий эмгектин, анын ичинде 5 монография, 3 окуу китептин автору.
Эмг.: Өсүмдүктөрдүн фитомассасы жана алардын топурактын асылдуулугуна тийгизген таасири. Ф., 1989; Кыргызстандагы дыйканчылыктын негиздери. Б., 1993; Донные наносы водохранилищ и их использование в сельском хозяйстве. Б., 1999; Агрохимико-экологические основы плодородия и продуктивности горных почв Кыргызстана. Б., 2000; Агрономия. Б., 2009.