КАРА-АЛМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-АЛМА – Жалал-Абад обл-нун Сузак р-нундагы кыштак. Кара-Алма айыл округуна караштуу. «Кара-Алма» токой чарбасынын бор­бору. Деңиз деңг. 1420 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыш-нан 62 км түн.- чыгыш тарапта. Багыш т. ж. бекетинен 40 км­дей. Кыштак 1934-ж. негизделген. Калкы 2029 (2007); негизинен токойчулукта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, мад-т үйү ж-а ФАП бар.