КАПТАГАЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАПТАГАЕВ Эмилбек Саламатович (18. 6. 1957-ж. т., Ысык-Көл обл., Ысык-Көл р-ну, Чок- Тал айылы) – мамл. ж-а коомдук-саясий иш­мер.

КРдин 3-класстагы мамл. кеңешчиси. Фи­зика-математика илимд. кандидаты. 1980-ж. КМУну бүтүргөн. 1980–91-ж. Кыр­гыз ССР ИАнын Физика ж-а математика ин-тунда инженер, кенже ил. кызмат­кер, 1991–93-ж. КР Өкмө­түнүн алдында Жаштар иш­тери б-ча мамл. комиссия­сында топтун башкы адиси­жетекчиси, Кырг-н КП БК-нын 2-секретарынын жар­дамчысы, КР Мамл. контракт к-тинде бөлүм башчы, Соода ж-а материалдык резерв минис­тринин орун басары, 1993–94-ж. КР Өкмөт ап­паратынын бөлүм башчысы, 1994–96-ж. КР Пре­мьер-министринин кеңешчиси, 1996–99-ж. КР Өкмөтүнүн алдындагы Дин иштери б-ча мамл. комиссиянын төрагасы, 1999–2002-ж. Ысык-Көл обл. мамл. администрация башчысы-губернатор­дун 1-орун басары, 2002–04-ж. Жети-Өгүз р-ндук мамл. администрация башчысы-аким, 2004– 10-ж. «Улуу Биримдик» улуттук-демокр. пар­тиясынын төрагасы, «Ысык-Көл» биосфера ай­магынын генералдык дирекциясынын директо­ру, 2010–11-ж. Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, ап­парат жетекчиси, КР Президентинин админис­трация башчысы, 2011-жылдан КР Президен­тинин аппарат жетекчиси. К. – 2010-ж. 7-апрел­де Элдик рев-яны уюштуруучулардын ж-а өл­көнүн парламенттик башкаруу системасына өтү­шүн ишке ашыргандардын бири. Ил. ж-а саясат маселелери б-ча 70ке жакын эмгектин автору.