КАПРИЧЧО
КАПРИ́ЧЧО , к а п р и ч ч и о (итал. сapriccio – кубулуу, наздануу) – виртуоздуу стилде аткарылуучу эркин формадагы аспаптык пьеса. К. адегенде мадригал тибиндеги вокалдык пьеса болсо, 16–17-к-да ричеркар, канцона, фантазия, токката сымал полифониялык музыкага жакындашат. К-нун эң сонун үлгүлөрү – Н. Паганининин скрипка үчүн «24 каприччосу», Н. Римский-Корсаковдун «Испан каприччосу», П. Чайковскийдин «Италян каприччосу». Композиторлор көбүнчө К. үчүн элдик обондорду негиз кылып алышкан.