КАПРИЧЧО
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАПРИ́ЧЧО , к а п р и ч ч и о (италянча сapriccio – кубулуу, наздануу) – виртуоздуу стилде аткарылуучу эркин формадагы аспаптык пьеса. Каприччо адегенде мадригал тибиндеги вокалдык пьеса болсо, XVI–XVII кылымдарда ричеркар, канцона, фантазия, токката сымал полифониялык музыкага жакындашат. Каприччонун эң сонун үлгүлөрү – Н. Паганининин скрипка үчүн «24 каприччосу», Н. Римский-Корсаковдун «Испан каприччосу», П. Чайковскийдин «Италян каприччосу». Композиторлор көбүнчө каприччо үчүн элдик обондорду негиз кылып алышкан.