КАПИТАЛИЗМ
КАПИТАЛИ́ЗМ – жеке менчик ишканалардын
ортосунда рынок атаандаштыгына негизделген экон. система. Коомдук ой-пикир б-ча К. – эркин ишкердик системасы, индустриялык коомдун өнүгүү баскычы. Бүгүнкү күнү К. – «аралаш
экономика», «постиндустриялык коом», «маалымат коому» ж. б.; марксизмде К. – өндүрүш
каражаттары жеке менчикке, ал эми жалданма эмгек капиталдын эзүүсүнө негизделген коомдук экон. формация. Мындай коомдук түзүлүшкө
(капиталисттер м-н жумушчулардын ортосундагы) ички карама-каршылык мүнөздүү. К. феодализм мезгилинде экон., социалдык, саясий ж-а маданий өбөлгөлөрдүн негизинде жаралган.
Алгач 14–15-к-да Италиянын ж-а Голландиянын шаарларында К-дин белгилери пайда болуп, 16-к-да Европада К. чыңдалган. Мануфактурадан ири машина өндүрүшүнө өтүү м-н ө. ж. төңкөрүшүнүн негизи түзүлгөн. Рынок атаандаштыгынын механизми капиталды көбөйтүү ж-а киреше алуу үчүн өндүрүштү өркүндөтүүгө мажбур кылган. Бул өндүргүч күчтөрдүн өсүшүнө, илим м-н техникада тынымсыз төңкөрүштөрдү жасоого көмөк берип, капиталисттик өндүрүштүн коомдоштурулушун, эмгектин бөлүштүрүлүшүнүн тереңдешин шарттайт. К-дин өнүгүшү 5 негизги этапка бөлүнөт: б и р и н ч и э т а п
(17-к-дын ортосу – 18-к-дын аягы) – К-дин мануфактуралык стадиясы эркин атаандаштыктын өнүгүшү м-н коштолот. Эркин атаандаштык Улуу Британияда өнүгүп, 18-к-дын аягы –
19-к-дын башында ө. ж. төңкөрүшү (мануфактурадан фабрикага өтүү) ишке ашкан; э к и нч и э т а п (18-к-дын аягы – 19-к-дын аягы) –
ири машина индустриясы пайда болот. Социалдык мамиле ж-а саясий-экон. трансформация
үчүн жаңы технол. укладдын өнүгүшү индустриялык өндүрүшкө жол ачкан; ү ч ү н ч ү
э т а п (19-к-дын аягы – 20-к-дын 1-жарымы)
К-дин өнүгүшүндө атаандаштыктын жаңы формалары пайда болот ж-а монополисттик укладдын үстөмдүгү м-н мүнөздөлөт. Монополисттик капитал колуна ири материалдык ж-а финансылык ресурстарды топтоп, сырьё булактарын ж-а рынокторду басып алуу үчүн күрөшүп, атаандаштарын жоготот; т ө р т ү н ч ү э т а п
(1930–70-жылдар) К. эволюциясы – анын тамыры трансформациялана баштаган. Буга 1929–33-жылдардагы дүйнөлүк кризис ж-а 2-дүйнөлүк согуштан кийин түзүлгөн экон. абал түрткү болгон. Натыйжада К-дин жаңы техникатехнол., тармактык, уюштуруучу-өндүрүштүк, башкаруучулук, социалдык-экон. моделдери түзүлгөн. Мамл. экон. жөнгө салуунун функциялары ж-а формалары өзгөргөн. Экономиканы, элди жумуш м-н камсыздоо ж. б. процесстерди стабилдештирүү үчүн бюджеттик-финансылык ж-а насыя-акча саясатынын куралдары колдонулган; б е ш и н ч и э т а п К-дин
өнүгүшүндө индустриялык система калыптанып, 1970-жылдары демография, энергетика, сырьё, азык-түлүк ж-а экол. кризистер башталган. Кризистерден чыгыш үчүн индустриялык коомдон постиндустриялык коомго өтүү процесси
башталган. Бул процесстин негизи – маалыматтык-коммуникациялык рев-я м-н байланышкан өндүрүштү жаңы технол. жолдор м-н
өнүктүрүү.
Ад.: Маркс К. Капитал. М., 1988–1989. Т. 1–3;
Уильмсон У. О. Экономические институты капитализма.
СПб., 1996; Гэлбрейт Д. К. Новое индустриальное общество. М., 2004; Фридман М. Капитализм и свобода. М., 2006; Норберг Ю. В защиту глобального капитализма. М., 2007.