КАПИТАЛИЗМ
КАПИТАЛИ́ЗМ – жеке менчик ишканалардын ортосунда рынок атаандаштыгына негизделген экономикалык система. Коомдук ой-пикир боюнча капитализм – эркин ишкердик системасы, индустриялык коомдун өнүгүү баскычы. Бүгүнкү күнү капитализм – «аралаш экономика», «постиндустриялык коом», «маалымат коому» ж. б.; марксизмде капитализм – өндүрүш каражаттары жеке менчикке, ал эми жалданма эмгек капиталдын эзүүсүнө негизделген коомдук экономикалык формация. Мындай коомдук түзүлүшкө (капиталисттер м-н жумушчулардын ортосундагы) ички карама-каршылык мүнөздүү. Капитализм феодализм мезгилинде экономикалык, социалдык, саясий ж-а маданий өбөлгөлөрдүн негизинде жаралган.
Алгач 14–15-кылымдарда Италиянын ж-а Голландиянын шаарларында капитализмдин белгилери пайда болуп, 16-кылымда Европада капитализм чыңдалган. Мануфактурадан ири машина өндүрүшүнө өтүү м-н өнөр жай төңкөрүшүнүн негизи түзүлгөн. Рынок атаандаштыгынын механизми капиталды көбөйтүү ж-а киреше алуу үчүн өндүрүштү өркүндөтүүгө мажбур кылган. Бул өндүргүч күчтөрдүн өсүшүнө, илим м-н техникада тынымсыз төңкөрүштөрдү жасоого көмөк берип, капиталисттик өндүрүштүн коомдоштурулушун, эмгектин бөлүштүрүлүшүнүн тереңдешин шарттайт. Капитализмдин өнүгүшү 5 негизги этапка бөлүнөт: б и р и н ч и э т а п (17-кылымдын ортосу – 18-кылымдын аягы) – капитализмдин мануфактуралык стадиясы эркин атаандаштыктын өнүгүшү м-н коштолот. Эркин атаандаштык Улуу Британияда өнүгүп, 18-кылымдын аягы – 19-кылымдын башында өнөр жай төңкөрүшү (мануфактурадан фабрикага өтүү) ишке ашкан; э к и н ч и э т а п (18-кылымдын аягы – 19-кылымдын аягы) –ири машина индустриясы пайда болот. Социалдык мамиле ж-а саясий-экономикалык трансформация үчүн жаңы технологиялык укладдын өнүгүшү индустриялык өндүрүшкө жол ачкан; ү ч ү н ч ү э т а п (19-кылымдын аягы – 20-кылымдын 1-жарымы) капитализмдин өнүгүшүндө атаандаштыктын жаңы формалары пайда болот ж-а монополисттик укладдын үстөмдүгү м-н мүнөздөлөт. Монополисттик капитал колуна ири материалдык ж-а финансылык ресурстарды топтоп, сырьё булактарын ж-а рынокторду басып алуу үчүн күрөшүп, атаандаштарын жоготот; т ө р т ү н ч ү э т а п (1930–70-жылдар) капитализм эволюциясы – анын тамыры трансформациялана баштаган. Буга 1929–33-жылдардагы дүйнөлүк кризис ж-а 2-дүйнөлүк согуштан кийин түзүлгөн экономикалык абал түрткү болгон. Натыйжада капитализмдин жаңы техника-технологиялык, тармактык, уюштуруучу-өндүрүштүк, башкаруучулук, социалдык-экономикалык моделдери түзүлгөн. Мамлекеттик экономикалык жөнгө салуунун функциялары ж-а формалары өзгөргөн. Экономиканы, элди жумуш м-н камсыздоо ж. б. процесстерди стабилдештирүү үчүн бюджеттик-финансылык ж-а насыя-акча саясатынын куралдары колдонулган; б е ш и н ч и э т а п капитализмдин өнүгүшүндө индустриялык система калыптанып, 1970-жылдары демография, энергетика, сырьё, азык-түлүк ж-а экологиялык кризистер башталган. Кризистерден чыгыш үчүн индустриялык коомдон постиндустриялык коомго өтүү процесси башталган. Бул процесстин негизи – маалыматтык-коммуникациялык революция м-н байланышкан өндүрүштү жаңы технологиялык жолдор м-н өнүктүрүү.
Ад.: Маркс К. Капитал. М., 1988–1989. Т. 1–3; Уильмсон У. О. Экономические институты капитализма.
СПб., 1996; Гэлбрейт Д. К. Новое индустриальное общество. М., 2004; Фридман М. Капитализм и свобода. М., 2006; Норберг Ю. В защиту глобального капитализма. М., 2007.