КАНЫШ-КЫЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНЫШ-КЫЯ – Жалал-Абад обл-нун Чаткал р-нундагы кыштак, райондун борбору (1985- жылдан). Деңиз деңг. 1655 м бийикте жайгаш­кан. Калкы 3144 (2009); негизинен дыйканчы­лыкта эмгектенип, мал м-н алектенет. Орто, 2 негизги ж-а муз. мектептер, китепкана, кесип­тик-тех. окуу жайы, балдар чыг-лык ж-а мад-т үйлөрү, балдардын билимин өркүндөтүүчү бор­бор, мечит, АТС, почта бар. Нан з-ду, турмуш­тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, оорукана, бейтапкана, дарыкана, аэропорт иштейт.