КАНЦЛЕР
КА́НЦЛЕР (нем. Kanzler) – 1) орто кылымда Европанын феодалдык өлкөлөрүндөгү королдук канцелярия м-н архивди башкаруучу жогорку кызматтагы адам; 2) падышалык Россияда мамлекеттик канцлер – жогорку жарандык чин. 1722-жылы рангдар жөнүндөгү табель боюнча канцлер генерал-фельдмаршалдын чинине туура келген; 3) Германияда (1871–1945) рейхсканцлер – өкмөт башчысы (1934-жылдан мамлекет башчысынын укугун да ээлеген); 4) ГФР м-н Австрияда федералдык канцлер – өкмөт башчысы; 5) Улуу Британияда казыначы канцлер – финансы министри, лорд-канцлер – лорддор палатасынын төрагасы; 6) Швейцарияда Союз канцлери – бийлик ж-а башкаруу органдарынын секретариатынын жетекчиси.