КАНЦЕРОГЕН ЗАТТАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНЦЕРОГЕ́Н ЗАТТАРЫ – организмге таасир эткенде рак ж. б. шишик ооруларын пайда кы­луучу түрдүү хим. бирикмелер. Алар кээ бир ө. ж. ж-а өндүрүш таштандылары м-н булган­ган абада, мештен чыккан ышта, тамеки түтү­нүндө болот. Өпкө рагы м-н тамеки тарткандар көп ооруйт. Андан тышкары кээ бир амин к-та­ларынын, белоктордун алмашуусу бузулганда да шишиктер пайда болот. О. эле тышкы чөйрө­нүн терс таасири – абанын булгануусу, нурла­нуу ж. б. себеп болот. Организмге кирген К. з-дын таасири анын өлчөмү м-н таасир этүү мөөнөтүнө байланыштуу. Рактын алдын алуу­да жеке тазалыкты сактоо, атм., аба, суу, жер кыртышы, тамак-аш азыктарын К. з. м-н бул­гануудан коргоо чоң мааниге ээ.