КАНТОР
КА́НТОР Георг (3. 3. 1845, Санкт-Петербург – 6. 1. 1918, Галле) – немис математиги. 1867-жылы Берлин университетин бүткөн. 1879–1913-жылдарда Галле университетинде профессор. Кантор чексиз көптүктөр теориясын ж-а трансфиниттик сандар теориясын чыгарган. 1874-жылы эквивалентсиз (башкача айтканда түрдүү кубаттуулуктагы) чексиз көптүктөрдүн бар экенин билүү м-н бардык чыныгы сандар көптүгүнүн тактыгын далилдеген, көптүк кубаттуулугунун жалпы түшүнүгүн (1878) изилдеген. 1879–84-жылдарда Кантор чексиздик жөнүндөгү окуусунун принциптерин сунуш кылган. Кантор предел чекитинин, көптүк туундусунун түшүнүгүн киргизген, жеткилең көптүккө мисал келтирген, иррационалдуу сандар теориясын өнүктүргөн, Кантор аксиомасын айткан. Кантордун идеяларына замандаштары каршы чыккан, бирок ал математиканын өнүгүшүнө зор cалым кошкон.
Эмг.: Труды по теории множеств. М., 1985.