КАН-ТОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАН-ТОО , К а н - Т е ң и р – Борб. Теңир-Тоодо­гу бийик чоку. Кан-Теңир тоо тоомунда, Жеңиш чокусунан 18 км түн. тарапта. Бийикт. 6995 м. Чоку шуштугуй. Капталдары тик (түш. боору 60°ка, түн. жагы 40–45°ка чейин). Төмөн жагы күңүрт акиташ тегинен, жогору жагы тунук мра­мордон турат. Дээрлик кар-мөңгү м-н каптал­ган, өтө тик капталдарында гана кар токтобой, тоо тектер ачылып жатат. Капталдарындагы мөңгүлөр Түш. ж-а Түн. Эңилчек мөңгүлөрүнө кошулат. Чоку жерг. элге эчактан белгилүү. Алыстан көрүнгөн кар-мөңгүлүү чокуну кыргыз­дар К.-Т., казактар Олуя-Чоку деп аташкан. 1755-, 1780-ж. Оренбургда түзүлгөн карталарда

Кан-Тоо чокусу.

ал К.-Т. («гора Хан») деп аталган. 1900-ж. Сары- Жаз аймагын изилдеген венгр илимпозу Д. Ал­маши Хан-Теңир чокусунун жерг. аты К а н - Т о о деп белгилеген. Ад-ттарда ороним кан, канга окшош кызыл деген мааниден келип чык­кан деген пикирлер айтылат. Чындыгында анын аты тоонун (чокунун) өтө бийиктигинен келип чыгып, «тоолордун каны» (падышасы) деген тү­шүнүктү туюндурарын көп илимпоздор (Мур­заев Э. М., Өмүрзаков С. Ө. ж. б.) далилдеген.

Чокуга алгач 1931-ж. 10-сентябрда М. Т. Погре­бецкий жетекчилик кылган украиналык альпи­нисттер чыккан. О. эле к. Кан-Теңир тоо тоо­му.

А. Осмонов.