КАН-ТОО
КАН-ТОО , К а н - Т е ң и р – Борбордук Теңир-Тоодогу бийик чоку. Кан-Теңир тоо тоомунда, Жеңиш чокусунан 18 км түндүк тарапта. Бийиктиги 6995 м. Чоку шуштугуй. Капталдары тик (түштүк боору 60°ка, түндүк жагы 40–45°ка чейин). Төмөн жагы күңүрт акиташ тегинен, жогору жагы тунук мрамордон турат. Дээрлик кар-мөңгү м-н капталган, өтө тик капталдарында гана кар токтобой, тоо тектер ачылып жатат. Капталдарындагы мөңгүлөр Түштүк ж-а Түндүк Эңилчек мөңгүлөрүнө кошулат. Чоку жергиликтүү элге эчактан белгилүү. Алыстан көрүнгөн кар-мөңгүлүү чокуну кыргыздар Кан-Тоо, казактар Олуя-Чоку деп аташкан. 1755-, 1780-жылдарда Оренбургда түзүлгөн карталарда

ал Кан-Тоо («гора Хан») деп аталган. 1900-жылы Сары- Жаз аймагын изилдеген венгр илимпозу Д. Алмаши Хан-Теңир чокусунун жергиликтүү аты К а н - Т о о деп белгилеген. Адабияттарда ороним кан, канга окшош кызыл деген мааниден келип чыккан деген пикирлер айтылат. Чындыгында анын аты тоонун (чокунун) өтө бийиктигинен келип чыгып, «тоолордун каны» (падышасы) деген түшүнүктү туюндурарын көп илимпоздор (Мурзаев Э. М., Өмүрзаков С. Ө. ж. б.) далилдеген.
Чокуга алгач 1931-жылы 10-сентябрда М. Т. Погребецкий жетекчилик кылган украиналык альпинисттер чыккан. Ошондой эле к. Кан-Теңир тоо тоому.
А. Осмонов.