КАНТАБРИЯ ТООЛОРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНТА́БРИЯ ТООЛОРУ Испаниянын түндү­гүндө, Атлантика океанындагы Бискайя булу­ңун жээктей 500 кмге созулат. Бийикт. 2648 мге чейин. Түн. капталдары тик, аскалуу, дарыя­лардын капчыгай сымал кууш өрөөндөрү м-н терең тилмеленген, Месетага караган түш. кап­талы жантайыңкы. К. т. герцин бүктөлүү струк­турасына кирет. Бийик батыш бөлүгү (Астурия кырка тоосунун орт. бийикт. 2000 м чамасын­да) рельефинин татаалдыгы м-н өзгөчөлөнөт, жапызыраак чыгышынын (1000–1500 м) тоо кырлары ж-а капталдары жайпагыраак келет. Карст рельефи (үңкүр, туңгуюк ж. б.) кеңири таралган. Жаан-чачын көбүрөөк жааган түн. капталдарына жазы жалбырактуу ж-а аралаш токой (эмен, бук, каштан, кызыл карагай), түштүгүнө ксерофит бадалдары, 1800 м бийик­тен өйдө альп шалбаасы мүнөздүү. Таш көмүр, темир ж-а полиметалл кендери бар.