КАН БАСЫМЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАН БАСЫМЫ – кан тамырлардагы кандын жүрөк ишинен пайда болгон гидродинамикалык басымы. Артериялык басымдын чоңдугу жүрөк­түн жыйрылуу күчүнө, жүрөктөн чыккан кан­дын өлчөмүнө, кан тамыр капталдарынын кан агуу тоскоолуна, о. эле жүрөктүн жыйрылуу ылдамдыгына, кандын илээшкектигине ж. б. байланыштуу болот. Артериядагы К. б. жүрөк­түн сол карынчасы жыйрылганда (систола) жо­горулайт. Бул учурда жүрөк 60–70 млге жакын кан чыгарат. Мындай өлчөмдөгү кан майда кан тамырлар (айрыкча капиллярлар) аркылуу да­роо агып өтө албайт. Ошондуктан толто чою­лат да, андагы басым жогорулайт (систолалык басым). Нормада ал жоон артерияларда 110– 130 сым. мам. ммге жетет. Жүрөк карынчалары­нын жыйрылуу аралыгында (б. а. диастола) чоюлуп турган кан тамырлар м-н жоон артерия­лар жыйрылып, канды капиллярларга түртөт. К. б. төмөндөп, диастола аяктарда төмөнкү дең­гээлге жетет. Систолалык ж-а диастолалык ба­сымдардын айырмасы п у л ь с деп аталат. Кан тамырдагы К. б. жүрөктөн алыстаган са­йын азаят. Мис., толтодо К. б. 140/90 сым. мам. мм түзөт (биринчи цифра – систолалык же жо­горку басымды, экинчиси диастолалык же тө­мөнкү басымды билдирет). К. б., адатта, арте­риялык басымды ченөө м-н аныкталат. Жаш өткөн сайын К. б. өзгөрөт, күч келүү, эмоция­лык чыңалуу ж. б-дан жогорулайт. К. б-нын деңгээлин нерв-рефлекстик механизмдер жөнгө салып турат. Анын туруктуу жогорулашын – артериялык гипертензия, ал эми төмөндөшү ги­потензия деп аталат.