КАН БАСЫМЫ
КАН БАСЫМЫ – кан тамырлардагы кандын жүрөк ишинен пайда болгон гидродинамикалык басымы. Артериялык басымдын чоңдугу жүрөктүн жыйрылуу күчүнө, жүрөктөн чыккан кандын өлчөмүнө, кан тамыр капталдарынын кан агуу тоскоолуна, ошондой эле жүрөктүн жыйрылуу ылдамдыгына, кандын илээшкектигине ж. б. байланыштуу болот. Артериядагы кан басымы жүрөктүн сол карынчасы жыйрылганда (систола) жогорулайт. Бул учурда жүрөк 60–70 млге жакын кан чыгарат. Мындай өлчөмдөгү кан майда кан тамырлар (айрыкча капиллярлар) аркылуу дароо агып өтө албайт. Ошондуктан толто чоюлат да, андагы басым жогорулайт (систолалык басым). Нормада ал жоон артерияларда 110–130 сымап мамыча ммге жетет. Жүрөк карынчаларынын жыйрылуу аралыгында (башкача айтканда диастола) чоюлуп турган кан тамырлар м-н жоон артериялар жыйрылып, канды капиллярларга түртөт. Кан басымы төмөндөп, диастола аяктарда төмөнкү деңгээлге жетет. Систолалык ж-а диастолалык басымдардын айырмасы п у л ь с деп аталат. Кан тамырдагы кан басымы жүрөктөн алыстаган сайын азаят. Мисалы, толтодо кан басымы 140/90 сымап мамыча мм түзөт (биринчи цифра – систолалык же жогорку басымды, экинчиси диастолалык же төмөнкү басымды билдирет). Кан басымы, адатта, артериялык басымды ченөө м-н аныкталат. Жаш өткөн сайын кан басымы өзгөрөт, күч келүү, эмоциялык чыңалуу ж. б-дан жогорулайт. Кан басымынын деңгээлин нерв-рефлекстик механизмдер жөнгө салып турат. Анын туруктуу жогорулашын – артериялык гипертензия, ал эми төмөндөшү гипотензия деп аталат.