КАНАЛ (гидротехникада)
КАНА́Л (лат. canalis – түтүк, ноо) г и д р о т е хн и к а д а – суу агуучу жасалма нук. А. ч. өсүмдүктөрүн сугаруу үчүн айдоо аянтына суу жеткирет. К. – сугат тармагынын негизги бөлүгү. К. пайдаланышына жараша кеме жүрүүчү (жасалма суу жолу, мис., Суэц, Панама К-дары), энергиялык (суу сактагычтарга, гидроэлектр станцияларына суу жеткирүүчү), сугат К-ы (ирригациялык), жер кургатуучу, суу өткөрүүчү К. (Иртыш – Караганда К-ы), карагай агызуучу, балык өстүрүлүүчү ж-а комплекстүү К-дар (Волга – Дон К-ы) болуп айырмаланат. Сугат К-ы магистралдуу (башкы) же суу жеткирүүчү (дарыя, суу сактагыч ж. б-дан сугат жерге суу жеткирет) К-га, район аралык же чарба аралык суу бөлүштүрүүчү (башкы К-дан суу алып районго же чарбага берет), чарбалык (район же чарба аралык К-дан суу алып, чарбанын сугат жерине берет), сугаруу алдында салынуучу убактылуу К-дарга бөлүнөт. Дарыя, суу сактагыч ж. б-дан К-га суу алынуучу жерге суу топтогуч курулат. Суу К-га суу топтоочу курулма аркылуу өзү агып келет же насос станциясынын жардамы м-н берилет. К-дын туурасынан кесилиши трапеция, тик бурчтуу, парабола түрүндө болуп, бетине ж-а таманына бетон же темирбетон, бурама темир-бетон төшөлөт. Бир К-дан экинчисине суу алынуучу жерге суу бөлүштүргүч курулуп, суу ченегич, жөнгө салгыч ж. б. м-н жабдылат. К. өтчү жер, К-дын өлчөмү, анда курулуучу гидротех. курулмалар тех.-экон., гидравликалык эсептөөлөрдүн негизинде аныкталат. К-ды пайдалануудагы негизги көрсөткүчтөр: суу өткөрүмдүүлүгү (К-дагы суунун эң чоң чыгымы – К-дын туура кесилишинен агып өткөн суунун өлчөмү, м3/сек) К-дын аяк жагындагы суу чыгымынын анын башталышындагы чыгымына болгон катышы. К-дагы технол. процесстер автоматтык башкаруу системасынын жардамы м-н жөнгө салынат. Керектөөчүлөргө суу тийиштүү өлчөмдө бөлүштүрүлүп, бөөдө чыгымга учуратылбайт. Кырг-ндагы ири сугат каналдары – Батыш Чоң Чүй каналы, Чыгыш Чоң Чүй каналы, Чоң Нарын каналы, Чоң Талас каналы ж. б.
Ад.: Гидротехнические сооружения /Под ред. Л. Н. Рассказова и др. М., 1996. Ч. 1–2.