КАНАЛ (гидротехникада)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНА́Л (лат. canalis – түтүк, ноо) г и д р о т е х ­н и к а д а – суу агуучу жасалма нук. Айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруу үчүн айдоо аянтына суу жеткирет. Канал – сугат тармагынын негизги бө­лүгү. Канал пайдаланышына жараша кеме жүрүүчү (жасалма суу жолу, мисалы, Суэц, Панама каналдары), энергиялык (суу сактагычтарга, гидроэлектр станцияларына суу жеткирүүчү), сугат каналы (ир­ригациялык), жер кургатуучу, суу өткөрүүчү канал (Иртыш – Караганда каналы), карагай агызуу­чу, балык өстүрүлүүчү ж-а комплекстүү каналдар (Волга – Дон каналы) болуп айырмаланат. Сугат каналы магистралдуу (башкы) же суу жеткирүүчү (дарыя, суу сактагыч ж. б-дан сугат жерге суу жеткирет) каналга, район аралык же чарба аралык суу бөлүштүрүүчү (башкы каналдан суу алып ра­йонго же чарбага берет), чарбалык (район же чарба аралык каналдан суу алып, чарбанын сугат жерине берет), сугаруу алдында салынуучу убак­тылуу каналдарга бөлүнөт. Дарыя, суу сактагыч ж. б-дан каналга суу алынуучу жерге суу топтогуч курулат. Суу каналга суу топтоочу курулма аркы­луу өзү агып келет же насос станциясынын жар­дамы м-н берилет. Каналдын туурасынан кесили­ши трапеция, тик бурчтуу, парабола түрүндө болуп, бетине ж-а таманына бетон же темир­-бетон, бурама темир-бетон төшөлөт. Бир каналдан экинчисине суу алынуучу жерге суу бөлүштүргүч курулуп, суу ченегич, жөнгө салгыч ж. б. м-н жабдылат. Канал өтчү жер, каналдын өлчөмү, анда ку­рулуучу гидротехникалык курулмалар техникалык-экономикалык, гид­равликалык эсептөөлөрдүн негизинде аныкта­лат. Каналды пайдалануудагы негизги көрсөткүч­төр: суу өткөрүмдүүлүгү (каналдагы суунун эң чоң чыгымы – каналдын туура кесилишинен агып өткөн суунун өлчөмү, м3/сек) каналдын аяк жагындагы суу чыгымынын анын башталышындагы чыгы­мына болгон катышы. Каналдагы технологиялык процесс­тер автоматтык башкаруу системасынын жар­дамы м-н жөнгө салынат. Керектөөчүлөргө суу тийиштүү өлчөмдө бөлүштүрүлүп, бөөдө чыгым­га учуратылбайт. Кыргызстандагы ири сугат канал­дары – Батыш Чоң Чүй каналы, Чыгыш Чоң Чүй каналы, Чоң Нарын каналы, Чоң Талас ка­налы ж. б.

Ад.: Гидротехнические сооружения /Под ред. Л. Н. Рассказова и др. М., 1996. Ч. 1–2.