КАН АКИТАШ КЕНИ
КАН АКИТАШ КЕНИ Баткен обл-нун Кадамжай р-нунда, Катраң тоосунун түн. этегинде. 1973–75-ж. чалгындалган. Кен аймагын мезозойдогу чөкмө тектер түзөт. Үлүлдүү акиташ бор мезгилинде пайда болуп, 2–3 кмге чейин ичке тилке түрүндө созулуп жатат. Калыңдыгы 10– 20 м. Жакшы сайкалданат. Блоктуулугу жакшы. Жылмалап сайкалданган бети кочкул сары түстө. Запасы 1 млн м3. Дубалды кооздоп каптоого пайдаланса болот.