КАЛИНИНГРАД
КАЛИНИНГРА́Д (1946-жылга чейин К ё н и г с б е р г) – Россиядагы шаар. Калининград облусунун административдик борбору.

Преголя дарыясынын Калининград булуңуна куя бериште жайгашкан. Балтика деңизи менен терең суу каналы аркылуу байланышат. Калкы 422,3 миң (2007). Эл аралык аэропорту бар. Калининградда деңиз причалдары, деңиз порттору (тоңбогон) жайгашкан. Тогуз жол тоому. Ири деңиз балык флотунун жана балык өнөр жайынын борбору. 1255-жылы негизделген. 1525–1618-жылдары Пруссия герцогдорунун резиденциясы. 1701-жылдан Пруссия королдугунун, 1871-жылдан Германиянын курамында. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин 1945-жылы Потсдам конференциясынын чечими менен Калининград жана ага чектеш жаткан аймактар СССРге өткөн. 1946-жылдын 7-апрелинен РСФСРдин курамындагы Кёнигсберг (1946-жылы 7-июлдан Калининград) облусунун административдик борбору. Машина куруу [телевизор, турмуш-тиричилик техникалары, өнөр жай жабдуулары, «Балткран» (порт крандарын жана жабдууларды чыгарат) өндүрүшү жана башкалар], вагон куруу жана «Калининградгазавтоматика» (нефть-газ өнөр жай үчүн жабдуу) заводдору, «Золотое сечение» (жыгаччылык өнөр жай үчүн), «Электр ширетүүчү», «Факел» (спутник системалары үчүн жабдуу), «Янтарь» (кеме ремонттоо) ишканалары, курулуш материалдар, тамак-аш (балык беленделет, сүт азыктары, кондитер, ичимдик жана башкалар), тамеки өнөр жайы, 2 жылуулук электр станциясы иштейт. Шаардын борбордук бөлүгүндө Кудай эне жана Ыйык Адальберт мунарасы (XIII–XIV кылымдар; XVI кылым) жана готика стилиндеги кафедралуу соборлор (XIV–XVI кылымдар), Бранденбург, Король дарбазалары (королдордун статуялары менен), Дер Дон мунарасы (XIX кылым, учурда жакут музейи), форттор, бастиондор жана башкалар сакталган. Калининград. шаарынын аймагынын ⅓ ин парктар, бактар жана гүлбакчалар ээлейт. Ошондой эле 130га жакын көл жанаа көлмөлөр кездешет. Илим-изилдөө институттары (анын ичинде балык жана океанография), 21 жогорку окуу жайлары (анын ичинде университет, филиалдар, өкүлчүлүктөр), Балтика балык промысели флотунун мамлекеттик академиясы (1966; мурдагы жогорку деңиз окуу жайы), 2 театр, тарыхый-сүрөт музейи, сүрөт галереясы, филармония, философ И. Канттын бейити бар. Зоопарк уюштурулган. Жыл сайын эл аралык (орган музыкасы, искусство жана башкалар) фестивалдар өткөрүлүп турат. Шаар М. И. Калининдин ысмынан аталган.