КАНААТ ШАА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:10, 30 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНААТ ШАА (туулган жылы белгисиз – 1863, өлгөн жери белгисиз) – Кокон хандыгынын аскер башчы­сы, Түркстан шаарынын акими (1846–47). Кокон хан­дыгынын Ташкенттеги бийлигине моюн сунуу­дан баш тартып, Бухара хандыгына кетүүгө ар­гасыз болгон. 1850-жылдардын аягы – 60-жыл­дын башында Коконго кайтып келип, Ташкент шаарынын акими катары бул хандыктын саясий турмушунда көрүнүктүү орун ээлеген. 1860-жылы ав­густта орус аскерине таянган чүйлүк кыргыздар Токмок ж-а Пишпек чебин Кокон хандыгынан бошотуп алганда, Канат Шаа аскерлери м-н Ташкент­тен келип, бул чептерди кайрадан караткан. Канат Шаа Пишпекти алгандан кийин Үч-Алматы­дан (азыркы Алматы аймагы) орус аскерин кууп чыгуу үчүн Узун-Агачтын жанында салгылаш­та (1860-жыл 18-октябрь) жеңилип, Пишпекке че­гинген. Бул чепте ал 1860-жылдын акырына чейин болгон. Молдо Нияз Мухаммед Хоканди­нин «Тарих-и Шахрухи» эмгегинде Канат Шаанын аталык деген чини болгондугу айтылат. Мусул­ман жыл санагы (хижра) боюнча 1279-жылы (1862–63) Канат Шаа Кудаяр хандын тапшырмасы м-н Бу­хара хандыгына барып, ошол жерден өлтү­рүлгөн.


Ад.: Материалы по истории кыргызов и Кыргыз­стана. Т. 2. Б., 2003.

Э. Турганбаев.