КАН (Франциядагы шаар)
КАН , Канн, Канны – Франциядагы шаар. Прованс – Альпы – Күнөстүү Жээк регионунда, Жер Ортолук деңизинин жээгинде жайгашкан. Калкы 108,0 миң (2008). Франциядагы Парижден кийинки 2-туристтик борбор. Жолдор тоому.

Порт (соода ж-а сейил кемелерин кабыл алат). Аэропорту (өлкөдөгү эң ири) бар. Деңиз климаттык курорт (Күнөстүү Жээк курортунун курамына кирет). Алгач 10-к-дан эскерилет. Курорт катары 9-к-дын башынан белгилүү. 20-к-дан туризмдин борбору катары өнүгүүдө. Климаты жер ортолук деңиздик субтропиктик, кышы жумшак, күнөстүү (январдын орт. темп-расы 9°С), жайы кургак, жылуу (июлдуку 23°С). Жылдык жаан-чачыны 600 мм. Жыттуу эссенция чыгаруу өндүрүшү иштейт. Шаардын эски бөлүгүндө сепилдер (12-к.), чеп дубалдардын калдыктары (14-к.), кароол мунарасы, собор, храм сакталган. Музейлер (этнология, деңиз) бар. Шаардын экономикасынын негизин тейлөө чөйрөсү түзөт. К-да көптөгөн көргөзмөлөр, симпозиумдар, конгресстер ж. б. иш-чаралар, жыл сайын үн жазууну н ж-а му з. чыгармал ардын эл арал ык көргөзмөлөрү ж-а кинофестивалдар (1946-жылдан) өткөрүлүп турат. Гүл өстүрүүчүлүк өнүккөн.