КАН (чептин калдыгы)
КАН – Кокон хандыгынын чебинин калдыгы.
Баткен р-нундагы Дара капчыгайында, Кан айылынын этек жагында, Сох суусунун оң жээгиндеги бийик тектирчеде жайгашкан. Жерг. калк-

ка Кудаяр хандын чеби катары белгилүү. 19- к-дын орто ченинде курулуп, дубалдары паксадан тургузулган. Кокон хандыгынын мезгилинде бажыкана ж-а айланасындагы көчмөн калктан зекет чогултуучу жер катары кызмат кылган. Анда Кокон хандыгына каршы көтөрүлүштөрдү басуу үчүн гарнизон турган. Сакталып калган дубалынын бийикт. 2–2,7 м (алгачкы бийикт. 3,2 м), дубалынын жазылыгы түбү 0,8 м, үстү 0,3 м. Дубалдарында (0,7 ж-а 1 м бийикте) 2 катар чакмак тартибинде жайгашкан ок атуучу тешиктери болгон. Чептин түш. бөлүгү чарбалык иштер үчүн курулса керек, түн. бөлүгүнүн бурчтарында ж-а ортосунда мунаралар тургузулган мунаралар чептин түш. бөлүгүнөн түн. бөлүгүнө киши өткөрбөй тосуп турган. Чептин ортосунда дубалга жанаша салынган таш пайдубал сакталган. Түн.-батыш бөлүгүндө төрт бурчтуу 3 курулуштун калдыктары бар. Чептин ичинде дубалга жабыштырыла салынган үйлөр болгон. О. кылымга ж-а Кокон мезгилине мүнөздүү карапа сыныктары табылган. Чепти археологдор М. Э. Воронец, Т. Г. Оболдуева, Ю. Д. Баруздин, Ю. А. Заднепровский ж-а Д. Ф. Винник изилдеген.