КАН (чептин калдыгы)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАН – Кокон хандыгынын чебинин калдыгы. Баткен районундагы Дара капчыгайында, Кан айы­лынын этек жагында, Сох суусунун оң жээгин­деги бийик тектирчеде жайгашкан. Жергиликтүү калкка Кудаяр хандын чеби катары белгилүү.

Кан кокон чеби.

XIX кылымдын орто ченинде курулуп, дубалдары пакса­дан тургузулган. Кокон хандыгынын мезгилинде бажыкана жана айланасындагы көчмөн калктан зекет чогултуучу жер катары кызмат кылган. Анда Кокон хандыгына каршы көтөрүлүштөрдү басуу үчүн гарнизон турган. Сакталып калган дубалынын бийиктиги 2–2,7 м (алгачкы бийиктиги 3,2 м), дубалынын жазылыгы түбү 0,8 м, үстү 0,3 м. Дубалдарында (0,7 ж-а 1 м бийикте) 2 катар чакмак тартибинде жайгашкан ок атуу­чу тешиктери болгон. Чептин түштүк бөлүгү чар­балык иштер үчүн курулса керек, түндүк бөлүгүнүн бурчтарында жана ортосунда мунаралар тургузул­ган. Мунаралар чептин түштүк бөлүгүнөн түндүк бөлү­гүнө киши өткөрбөй тосуп турган. Чептин орто­сунда дубалга жанаша салынган таш пайдубал сакталган. Түндүк-батыш бөлүгүндө төрт бурчтуу 3 курулуштун калдыктары бар. Чептин ичин­де дубалга жабыштырыла салынган үйлөр бол­гон. Орто кылымга жана Кокон мезгилине мүнөздүү карапа сыныктары табылган. Чепти археолог­дор М. Э. Воронец, Т. Г. Оболдуева, Ю. Д. Баруз­дин, Ю. А. Заднепровский жана Д. Ф. Винник изилдеген.