КАМЫШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАМЫШ (Scirpus) – ыраңдар тукумундагы бир же көп жылдык өсүмдүк уруусу. Гүлү кош жы­ныстуу, чатырча, шыпыргы, башча топ гүлгө чогулган. К-тын 250дөн ашык түрү, КМШ өлкөлөрүндө 25ке жакын, Кырг-нда 6 түрү бел­гилүү. Мелүүн зонада, сууда, көл, дарыя жээк­теринде, сазда өсөт. Айрым түрлөрү (токой К-ы, түймөктүү деңиз К-ы ж. б.) – тоют өсүмдүгү. Т о­к о й К-ы – көп жылдык, тамыр-сабагы кыс­ка, андан көп жалбырактуу өркүндөрү өсүп чы­гат. Сабагынын бийикт. 40–120 см, жалбырагы узун, тасма сымал, жазылыгы 2 см. Мөмөсү – жаңгакча. Токой ж-а тундра зоналарында та­ралган. Жаш өркүндөрүн бугу жакшы жейт. Т ү й м ө к т ү ү д е ң и з К-ы нымдуу жерде, сазда жакшы өсөт. Жер алдындагы өркүнүнүн учунда анча чоң эмес түймөктөрү болот. Баш ала электе чабылып, силостолот. Түймөктөрү желет. Шалы талаасында – отоо чөп. К ө л К-ы көп жылдык, сойлоп өсүүчү тамыр-сабак­туу. Көлмө түбүндө жыш өсүп, тор сымал кап­тап калат. Ондатра, суу келемишине тоют. Са­рай жабуу, жерге төшөө, кашаа кармоо ж. б-да кеңири колдонулат. Айрым жапыз өскөн түрлөрү кооздук үчүн өстүрүлөт.