КАМЫШ
КАМЫШ (Scirpus) – ыраңдар тукумундагы бир же көп жылдык өсүмдүк уруусу. Гүлү кош жыныстуу, чатырча, шыпыргы, башча топ гүлгө чогулган. Камыштын 250дөн ашык түрү бар. Анын КМШ өлкөлөрүндө 25ке жакыны, Кыргызстанда 6 түрү белгилүү. Мелүүн зонада, сууда, көл, дарыя жээктеринде, сазда өсөт. Айрым түрлөрү (токой камышы, түймөктүү деңиз камышы ж. б.) тоют өсүмдүгү. Т о к о й камышы – көп жылдык, тамыр-сабагы кыска, андан көп жалбырактуу өркүндөрү өсүп чыгат. Сабагынын бийиктиги 40–120 см, жалбырагы узун, тасма сымал, жазылыгы 2 см. Мөмөсү – жаңгакча. Токой ж-а тундра зоналарында таралган. Жаш өркүндөрүн бугу жакшы жейт. Т ү й м ө к т ү ү д е ң и з камышы нымдуу жерде, сазда жакшы өсөт. Жер алдындагы өркүнүнүн учунда анча чоң эмес түймөктөрү болот. Баш ала электе чабылып, силостолот. Түймөктөрү желет. Шалы талаасында – отоо чөп. К ө л камышы көп жылдык, сойлоп өсүүчү тамыр-сабактуу. Көлмө түбүндө жыш өсүп, тор сымал каптап калат. Ондатра, суу келемишине тоют. Сарай жабуу, жерге төшөө, кашаа кармоо ж. б-да кеңири колдонулат. Айрым жапыз өскөн түрлөрү кооздук үчүн өстүрүлөт.