КАМЧЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАМЧЫ – ат чабуу, мал айдоо үчүн колдонулуу­чу жабдык. Ал сап, бүлдүргө, баш, алакан, чачы, өрүм, өзөк ж-а түшкүндөн турат. К. сап табыл­гы, четин ж-а ыргайдан тандап алынып, ке­ректүү узундукта кесилип, көлөкөдө кургаты­лат. О. эле К. сап сөөктөн (эликтин шыйрагы териси ж-а туягы м-н кошо катырылат), мүйүз­дөн да жасалат. К-нын бүлдүргөсү бугунун же

а – сый камчы; б – жөнөкөй камчы; в – кыз-келин­дер камчысы: 1– өрүмү; 2 – түшкүнү; 3– жез башы; 4 – алаканы; 5 – табылгы сабы; 6 – капталган булгаа­рысы; 7 – бүлдүргөсү.

кара малдын терисинен тилинип алынган ичке кайыштан даярдалып, эки учу бирдей кабатта­лып, К. саптын кармоочундагы көзөнөгүнөн өткөрүлүп, чие байланып түйүлөт. Ал К-ны кол­го кармап жүрүүгө же илип коюуга ылайыктал­ган. К-нын алаканын бекиткенде, камчылан­ганда К. саптын башы жарылбас үчүн ага сары же кызыл түстөгү жез түтүкчөнү кийгизет. Өрүм м-н өзөктүн башталышындагы көктүн учуна улаштырыла бекитилген калың булгаары ала­кан деп аталып, ал өрүмдү сапка бекитет. Өрүм, өзөк м-н алакандын бириккен жери жиксиз бо­луш үчүн жука кара булгаары м-н капталып, өрүм жагы чачыланып, кооздолот. К. 4–16 та­рам ичке тилинип, сыдыргыга салынган көктөн өрүлөт. Өрүмдүн ичине салынган калың кайы­шы – өзөгү челденип, сыдыргыланып, жумур­ланат да, ийчиге (өрүүгө колдонулчу курал) ке­рилип, анын сыртын каптай көк өрүлөт. Өрүм бүткөндө көктүн учу – өзөккө бекитилген учу түшкүн деп аталат. Жоокерчилик заманда чоң К-лардын түшкүнүнүн ичине өзөк м-н бирге кор­гошун салынып жасалган. К-лардын жоондугу анын узундугуна жараша болгон. К-нын чоң К., кичине К., асем К., уй мурун К., жылан боор К. ж. б. түрү болот.