КАМСЫЗДАНДЫРУУ
КАМСЫЗДАНДЫРУУ – экон. мамилелердин бир түрү. К. – каражаттарынан жаратылыш ж-а башка кырсыктардын кесепетинен келип чыккан зыяндын ордун толтуруучу ж-а акча суммасын төлөп берүүчү акча – К. фондун түзүү б-ча иш-чаралар системасы. К-да эки тарап болууга тийиш. Анын бири акча фондун түзүүчү ж-а пайдалануучу атайын уюм– экинчи тарап – юридикалык жак же жеке адам ж-а ошол фондго белгиленген төлөмдөрдү төлөөчү камсыздандыруучу. Камсыздандыруучу уюм м-н камсыздандыруучунун ортосундагы мамиле келишимдин негизинде түзүлөт. К-нун ыктыярдуу ж-а милдеттүү деген эки түрү болот. Биринчи түрү камсыздандыруучунун өз демилгеси м-н– экинчиси – өлкөнүн колдонуудагы мыйзамдарынын негизинде ишке ашырылат. Мүлктү– коммерциялык тобокелчиликти– адамдардын өмүрүн К. деп бөлүнөт. Коммерциялык К. компаниялары (уюмдар) камсыздандыруу операцияларынан пайда табууну көздөшөт.