КАЛЬКУЛЯТОР
КАЛЬКУЛЯ́ТОР (лат. сalculator – эсептегич) – эсептөөжүргүзүүчүтүзүлүш.Азыркыучурдабаскыч топ (клавиша) аркылуу киргизүүчү ЭЭМ-дин ичинен кеңири тараганы. Өлчөмү эң кичине, чөнтөккө же баштыкка салып жүрмөсү – микрокалькулятор.


Микрокалькулятордун бардык моделдери сан ж-а командаларды киргизме – чыгарма ж-а арифм. түзүлүштөрдөн, азыктандыруучу блоктон турат. Эсептөө мүмкүнчүлүгү б-ча микрокалькулятор үч типке бөлүнөт; 1) жөнөкөй микрокалькулятор арифм. төрт амалды аткарат, квадраттык тамыр чыгарат, процент табат, ал эми айрым моделдеринде алынган жыйынтыктарды эсине сактоо мүмкүнчүлүктөрү каралган. Эске жазылган сандарды баскыч топтогу тиешелүү кнопканы басуу м-н таап алууга болот; 2) инж. микрокалькуляторлор ил.-тех. эсептөөлөрдү жүргүзүүгө багытталган, аны м-н тригонометрия, даража, көрсөткүчтүү, логарифм ж. б. функцияларды эсептөөнү камтыган кыйла татаал эсептөөлөрдү жүргүзүүгө болот. Мындай микрокалькуляторлордо сандын факториалын (n!) табуу, радиандык ченден градустук ченге ж-а тескерисинче градустук ченден радиандык ченге өтүү ж. б. амалдар каралган; 3) программалануучу микрокалькулятор – бул кыйла өркүндөтүлгөн түрү, жогорку экөөндө каралган бардык амалдарды ичине камтыйт. Эсептөө жүргүзүүдө шарттуу белгилөөлөр м-н анын программасы түзүлөт ж-а ал клавишадан терилип, микрокалькулятордун эсине киргизилет. Киргизилген программа автоматтык түрдө аткарылат. Ар типтеги микрокалькулятордо командалар саны ар башка болот.