КАЛЬКУЛЯТОР
КАЛЬКУЛЯ́ТОР (лат. сalculator – эсептегич) – эсептөө жүргүзүүчү түзүлүш. Азыркы учурда баскыч топ (клавиша) аркылуу киргизүүчү ЭЭМдин ичинен кеңири тараганы. Өлчөмү эң кичине, чөнтөккө же баштыкка салып жүрмөсү – микрокалькулятор.


Микрокалькулятордун бардык моделдери сан ж-а командаларды киргизме – чыгарма ж-а арифметикалык түзүлүштөрдөн, азыктандыруучу блоктон турат. Эсептөө мүмкүнчүлүгү боюнча микрокалькулятор үч типке бөлүнөт; 1) жөнөкөй микрокалькулятор арифметикалык төрт амалды аткарат, квадраттык тамыр чыгарат, процент табат, ал эми айрым моделдеринде алынган жыйынтыктарды эсине сактоо мүмкүнчүлүктөрү каралган. Эске жазылган сандарды баскыч топтогу тиешелүү кнопканы басуу м-н таап алууга болот; 2) инженердик микрокалькуляторлор илимий-техникалык эсептөөлөрдү жүргүзүүгө багытталган, аны м-н тригонометрия, даража, көрсөткүчтүү, логарифм ж. б. функцияларды эсептөөнү камтыган кыйла татаал эсептөөлөрдү жүргүзүүгө болот. Мындай микрокалькуляторлордо сандын факториалын (n!) табуу, радиандык ченден градустук ченге ж-а тескерисинче градустук ченден радиандык ченге өтүү ж. б. амалдар каралган; 3) программалануучу микрокалькулятор – бул кыйла өркүндөтүлгөн түрү, жогорку экөөндө каралган бардык амалдарды ичине камтыйт. Эсептөө жүргүзүүдө шарттуу белгилөөлөр м-н анын программасы түзүлөт ж-а ал клавишадан терилип, микрокалькулятордун эсине киргизилет. Киргизилген программа автоматтык түрдө аткарылат. Ар типтеги микрокалькулятордо командалар саны ар башка болот.