КАЛУГА
КАЛУ́ГА – Россиядагы шаар. Калуга облусунун административдик борбору. Орто Орус дөңсөөсүндө, Ока дарыясынын

сол өйүзүндө жайгашкан. Калкы 327,5 миң (2007). Жолдор тоому. Темир жол бекети. Ока дарыясындагы пристань. Алгач 1371-жылы литва князы Ольгерддин грамотасында эскерилет. Калуганын тургундары 1605–07-жылдарда И. И. Болотников жетектеген көтөрүлүштү колдогон. 1776–1929-жылдарда Калуга губерниясынын, 1944-жылдан Калуга облусунун борбору. 1859–68-жылдарда имам Шамил (ардактуу туткун катары) жашаган. Мурда шаарда жыгач курулуштар басымдуулук кылса, 17-кылымдын орто ченинен таштан салынган чиркөөлөр курула баштаган. Барокко стилиндеги 4 баскычтуу коңгуроолуу Успение (1754–62), Ыйык Ионн Предтеча (1734–35), Ыйыктар Косма ж-а Дамиан (1794) чиркөөлөрү, Троица собору, дворяндар окуу жайы (1779; учурда мамлекеттик педагогикалык университет), почтамт (1782), меймандар ак сарайы, Макаров палатасы, Оболенскийдин үйү ж. б. сакталган. Машина куруу (электроника, транспорт ж-а өнөр жай жабдуулары), «Калугаприбор» (байланыш аппаратуралары), «Автоэлектроника-Элкар» илимий-өндүрүштүк ишканасы, «Промприбор» (1992; сууну ж-а жылуулук энергиясын эсептөөчү приборлор), «Мега- К» (1991; контактсыз өчүрүүчү приборлор ж-а датчиктер), электр-механикалык, металл иштетүү, транспорттук машина куруу [(темир жол техникаларын ж-а автомобилдерди германиялык «Volkswagen» концернинин лицензиясынын негизинде чогултат (моделдери: «VW Passat», «Skoda Octavia»)], булгаары – бут кийим («Калуга – Шен-Заря» Россия – Германия бирикмеси), жыгаччылык («Гигант» бирикмеси), химиялык, тамак-аш («Кристалл» арак-шарап, пиво, эт, сүт ж. б.) өнөр жай ишканалары, клавишалуу музыкалуу аспаптар өндүрүшү иштейт. Телемеханикалык курулмалар ИИИ, Калуга илимий борбору, 16 ЖОЖ (анын ичинде филиалдар, педагогикалык институт), авиация ж-а космос техникалары илимий-изилдөө лабораториясы, китепканалар, музейлер (анын ичинде край таануу, сүрөт, К. Э. Циолковский атындагы космонавтика тарыхы ж-а анын филиалы ж. б.), Циолковскийдин үй-музейи, театрлар, планетарий бар. 2002-жылдан 3 жылда бир С. И. Танеев атындагы камералык ансамблдердин эл аралык конкурсу, «Калуга жазы» искусство фестивалы (2004-жылдан) ж. б. өткөрүлүп турат.
Ч. Дүйшөналиев.