КАЛПА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛПА (ар. – «халифа» – мураскор, орун ба­сар) – 1) Октябрь рев-ясына чейин О. Азияда, а. и. Кырг-ндын аймактарында кеңири тараган сопулар жамааттарынын өкүлү. «Халифа» тер­мини кыргыз тилинин лексикалык өзгөчөлүгүнө ылайык «калпа» болуп трансформацияланган түрдө кирген ж-а эшендин жолун жолдоочу, ишин улантуучу дин адамын билдирген. К. ин­ту кыргыздын коомдук-саясий турмушунда мамл. деңгээлдеги саясий же диний бийликке ээ болгон эмес. К-лар диний үгүт жүргүзүшкөн; 2) медресе окуучуларын көзөмөлдөөчү, к. Халиф.