КАЛЛАУР
КАЛЛА́УР Василий Андреевич (1838 – 1918 же 1919) – чыгыш таануучу. Археологияны сүйүүчүлөрдүн түркстандык ийриминин (ТКЛА) активдүү мүчөсү, археологиялык, этнографиялык материалдарды, кол жазмаларды, документтерди, ошондой эле тарыхый топография ж-а топонимика боюнча маалыматтарды жыйноочу. Кыргызстандын Талас өрөөнүн-

дөгү Айыртам-Ой (азыркы Кырк-Казык айылы турган аймак) деген жерден байыркы түрктөрдүн руникалык жазуусу чегилген 5 эстелик ташты (1896–1898) биринчи ачкан адам катары түркологиянын тарыхына кирген. Бул эстеликтерди В. В. Радлов, П. М. Мелиоранский, С. Е. Малов, Х. Н. Оркун ж. б. окуп, жарыялаган. Каллаур ошол кезде падышалык администрациянын Орто Азиядагы өкүлү – Олуя-Ата уездинин (1876), кийин Перовский уездинин (азыркы Кызыл-Ордо облусу, Казакстан Республикасы) начальниги болгон. Полковник чинин алган. 1908–09-жылдарда Түркстан крайындагы кызматын калтырып, Киевге көчүп кеткен.
Эмг.: Археологическая поездка по Аулиеатинскому уезду// ПТКЛА, год 2, 1897; Камень с древнетюркской надписью из Аулиеатинского уезда // ЗВОРАО, II, 1899; Новая археологическая находка в Аулиеатинском уезде//Туркестанкие ведомости, 1898, № 48, 52.
Ад.: Малов С. Е. Таласские эпиграфические памятники // Материалы Узкомстариса, Вып. 6–7. М.; Л., 1936; Мелиоранский П. М. По поводу новой археологической находки в Аулиеатинском уезде // ЗВОРАО, II, 1899; Джумагулов Ч. Эпиграфика Киргизии. Вып. 3. Ф., 1987.
Ч. Жумагулов.