КАЛИЙ ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́ЛИЙ ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕРИ – өсүмдүктүн азыктанышына, өсүп-өнүгүшүнө керектелүүчү калийлүү минерал. Калий азот ж-а фосфор сыяк­туу эле өсүмдүктөрдүн өсүп-өнүгүшүндө негизги орунду ээлеген микроэлементтердин бири. Эң жөнөкөй ж-а арзан жер семирткич болуп эсеп­телет. Өсүмдүктү күйгүзгөндөн калган күлүн К. ж. с. катары пайдаланса болот. Өсүмдүктүн түрүнө жараша калий ар кандай санда болот, мис., күн караманын күлүндө 30–40%, кара буу­дай саманынын күлүндө 20% ж. б. Өсүмдүктү кошумча азыктандыруу үчүн пайдаланылат. К. ж. с. калий туздары бар тоо тектеринен алы­нат. К. ж. с. чийки калий тузу ж-а концент. калий тузуна бөлүнөт. Концент. К. ж. с-не хлор­дуу калий, калий күкүрт кычкылы, 30–40%түү калий туздары, калимагнезия, шакар, күл ки­рет. Булар негизинен ө. ж-лык жол м-н алы­нат. Чийки калий тузу табигый калий тузун майдалоо жолу м-н алынат. Чийки калий туз­дарынан сильвинит, каинит, карналлит, ланг­бейнит, полигалит мааниге ээ. Хлордуу калий­дин (КСl) – курамында 56–69% калий бар, ал негизги К. ж. с. Анда сильвинитке караганда хлор 4–5 эсе аз болуп, а. ч. өсүмдүктөрүнүн бар­дык түрүнө ар кандай топуракта пайдаланса болот. Хлордуу калий (40%түү калий тузу) майда майдаланган сильвинит же каинит м-н аралаштыруу жолу аркылуу алынат. Аны то­пуракка күзүндө себүү талап кылынат. Бирок хлорду көп талап кылбаган өсүмдүктөргө көп берилсе, анын сапатына терс таасирин тийги­зиши мүмкүн. Калий сульфатын – К2SO4 (46% калий) бардык топуракта пайдаланса болот.
Бирок хлорду көп талап кылбаган өсүмдүктөргө (тамеки, жүзүм, картөшкө ж. б.) кылдат пай­далануу керек. К. ж. с. картөшкө, беде ж. б. сыяктуу өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн ж-а са­патын жогорулатат.

М. А. Ахматбеков, Г. Эшимкулова.