КАЛИЙ ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́ЛИЙ ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕРИ – өсүмдүктүн азыктанышына, өсүп-өнүгүшүнө керектелүүчү калийлүү минерал. Калий азот ж-а фосфор сыяк­туу эле өсүмдүктөрдүн өсүп-өнүгүшүндө негизги орунду ээлеген микроэлементтердин бири. Эң жөнөкөй ж-а арзан жер семирткич болуп эсеп­телет. Өсүмдүктү күйгүзгөндөн калган күлүн калий жер семирткичтери катары пайдаланса болот. Өсүмдүктүн түрүнө жараша калий ар кандай санда болот, мисалы, күн караманын күлүндө 30–40%, кара буу­дай саманынын күлүндө 20% ж. б. Өсүмдүктү кошумча азыктандыруу үчүн пайдаланылат. Калий жер семирткичтери калий туздары бар тоо тектеринен алы­нат. калий жер семирткичтери чийки калий тузу ж-а концентраттык калий тузуна бөлүнөт. Концентраттык калий жер семирткичтерине хлор­дуу калий, калий күкүрт кычкылы, 30–40%түү калий туздары, калимагнезия, шакар, күл ки­рет. Булар негизинен өнөр жайлык жол м-н алы­нат. Чийки калий тузу табигый калий тузун майдалоо жолу м-н алынат. Чийки калий туз­дарынан сильвинит, каинит, карналлит, ланг­бейнит, полигалит мааниге ээ. Хлордуу калий­дин (КСl) – курамында 56–69% калий бар, ал негизги калий жер семирткичтери. Анда сильвинитке караганда хлор 4–5 эсе аз болуп, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн бар­дык түрүнө ар кандай топуракта пайдаланса болот. Хлордуу калий (40%түү калий тузу) майда майдаланган сильвинит же каинит м-н аралаштыруу жолу аркылуу алынат. Аны то­пуракка күзүндө себүү талап кылынат. Бирок хлорду көп талап кылбаган өсүмдүктөргө көп берилсе, анын сапатына терс таасирин тийги­зиши мүмкүн. Калий сульфатын – К2SO4 (46% калий) бардык топуракта пайдаланса болот. Бирок хлорду көп талап кылбаган өсүмдүктөргө (тамеки, жүзүм, картөшкө ж. б.) кылдат пай­далануу керек. Калий жер семирткичтери картөшкө, беде ж. б. сыяктуу өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн ж-а са­патын жогорулатат.

М. А. Ахматбеков, Г. Эшимкулова.