КАЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́ЛИ – Колумбиянын батышындагы шаар.
Валье-дель-Каука департаментинин адм. борбо­ру. Чыгыш Анд Кордильерасы кырка тоосунун чыгыш капталында, деңиз деңг. 1005 м бийик­те жайгашкан. Калкы 2,2 млн (2008; шаар ай­ланасы м-н); калкынын саны ж-а экон. маани­си б-ча Колумбиядагы 3-шаар. Ири жолдор тоо­му. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен ку­рулууда. 1536-ж. негизделген. Кафедралуу собор, чиркөө (1757–64), капелла ж-а мунара (экөө тең 18-к.) сакталган. Ун-ттер, Олимпиялык спорт гимназиясы, музейлер (а. и. иск-во, археол., та­рых, заманбап иск-во, алтын буюмдар коллек­циясы ж. б.), театрлар бар. Колумбия ири спорт борбору. Панамерика оюндары (1971), сууда сүзүү спортунун дүйнөлүк чемпионаты (1975), аялдар (1975) ж-а эркектер (1982) арасында баскетбол б-ча чемпионат өткөрүлгөн. Ат майдан, зоо­парк бар. Тамак-аш (негизинен кант, спирт, ал­коголдуу ичимдиктер, шалы акталат, ун), же­ңил, текстиль, булгаары-бут кийим, цемент, хим., машина куруу (а. и. электр-тех., электро­ника), целлюлоза-кагаз, түстүү металлургия ө. ж. ишканалары иштейт. К. – а. ч-луу ири аймактын борбору. Бал камыш, пахта, таме­ки, какао, кофе, цитрус өсүмдүктөрү, күрүч, арпа, киноа, маниок, картөшкө айдалат. Шаардын түштүгүнөн таш көмүр казылып алынат. Чет­жакасында көптөгөн «кант асьендалары» (анын айрымдары колониялык турмушту элестеткен майда музейлерге айландырылган) сакталган.