ИОНИЯ ФИЛОСОФТОРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:15, 22 Август (Баш оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

И́ОНИЯ ФИЛОСОФТОРУ – б. з. ч. 6–4-к-да Кичи Азиянын батышындагы Иония аймагы­нан чыккан философтор: Фалес, Анаксимандр, Анаксимен Милетский, Гераклит Эфестик, Дио­ген Аполлониялык. Негизги идеяларынын би­ри – чыныгы дүйнөнүн бирдиктүү маңызы, бар­дык нерселердин кандайдыр бир алгачкы баш­талмадан (суу, аба, от) пайда болушу ж-дөгү ой. Булардын философиясына гилозоизм мүнөздүү.