ИОНИЯ ФИЛОСОФТОРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

И́ОНИЯ ФИЛОСОФТОРУ – б. з. ч. 6–4-кылымдарда Кичи Азиянын батышындагы Иония аймагы­нан чыккан философтор: Фалес, Анаксимандр, Анаксимен Милетский, Гераклит Эфестик, Дио­ген Аполлониялык. Негизги идеяларынын би­ри – чыныгы дүйнөнүн бирдиктүү маңызы, бар­дык нерселердин кандайдыр бир алгачкы баш­талмадан (суу, аба, от) пайда болушу жөнүндөгү ой. Булардын философиясына гилозоизм мүнөздүү.