ИОНДУК ӨТКӨРГҮЧТҮК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:26, 8 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИОНДУК ӨТКӨРГҮЧТҮК – айрым заттардын эркин иондордун болушу м-н шартталган (сырт­кы электр талаасынын таасири астында макро­скоптук аралыкка тартиптүү кыймылдоочу иондор) электр өткөрүмдүүлүгү. Электролиттер иондук өткөргүчтүккө ээ. Газда иондук өткөргүчтүк кандайдыр бир иондоочу булактардын таасири астында бош иондордун түзүлүшү учурунда пайда болот. Иондук крис­таллдарда крисстал торчосундагы микробузу­луулардын таасиринен бош иондор түзүлгөндө нака иондук өткөргүчтүккө ээ болот. Иондук өткөргүчтүк жогорку температурада байкалып, жылуулук термелүү учурунда флук­туациянын (термелүүнүн орточо маанисинен чет­теши) негизинде иондук кристаллда пайда бол­гон бузулууга; ал эми аралашма иондук өткөргүчтүк төмөнкү температурада байкалып, ага байланыштуу бузулуу­га негизделген.