ИОНДУК ӨТКӨРГҮЧТҮК
ИОНДУК ӨТКӨРГҮЧТҮК – айрым заттардын эркин иондордун болушу м-н шартталган (сырткы электр талаасынын таасири астында макроскоптук аралыкка тартиптүү кыймылдоочу иондор) электр өткөрүмдүүлүгү. Электролиттер иондук өткөргүчтүккө ээ. Газда иондук өткөргүчтүк кандайдыр бир иондоочу булактардын таасири астында бош иондордун түзүлүшү учурунда пайда болот. Иондук кристаллдарда крисстал торчосундагы микробузулуулардын таасиринен бош иондор түзүлгөндө нака иондук өткөргүчтүккө ээ болот. Иондук өткөргүчтүк жогорку температурада байкалып, жылуулук термелүү учурунда флуктуациянын (термелүүнүн орточо маанисинен четтеши) негизинде иондук кристаллда пайда болгон бузулууга; ал эми аралашма иондук өткөргүчтүк төмөнкү температурада байкалып, ага байланыштуу бузулууга негизделген.