ИНТРАЗОНАЛУУЛУК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:35, 2 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНТРАЗОНАЛУУЛУК (лат. intra – ичинде ж-а гр. zone – алкак, зона) – бир жаратылыш зонасынын ичиндеги (аймагындагы) ар түрдүү (жергиликтүү) геосистемалардын калыптанышы. Мисалы, тайгадагы же тундрадагы мамык чөптүү саз, талаа зонасындагы шор баскан аянтчалар ж. б. Алар түрдүү өзгөчө шарттардын (ашыкча ным­дуулуктун, тоо тектердин өзгөчөлүктөрдүн) на­тыйжасында пайда болуп, ал зонага мүнөздүү ландшафттардан ээлеген аянттары боюнча кыйла чакан келет. «Интразоналуулук» термини негизинен топурак кыртышына ж-а өсүмдүктөрүнө, ландшафтынын морфологиялык түзүлүшүнө карата колдонулат.