ИНТРАЗОНАЛУУЛУК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИНТРАЗОНАЛУУЛУК (лат. intra – ичинде ж-а гр. zone – алкак, зона) – бир жаратылыш зонасынын ичиндеги (аймагындагы) ар түрдүү (жергиликтүү) геосистемалардын калыптанышы. Мисалы, тайгадагы же тундрадагы мамык чөптүү саз, талаа зонасындагы шор баскан аянтчалар ж. б. Алар түрдүү өзгөчө шарттардын (ашыкча нымдуулуктун, тоо тектердин өзгөчөлүктөрдүн) натыйжасында пайда болуп, ал зонага мүнөздүү ландшафттардан ээлеген аянттары боюнча кыйла чакан келет. «Интразоналуулук» термини негизинен топурак кыртышына ж-а өсүмдүктөрүнө, ландшафтынын морфологиялык түзүлүшүнө карата колдонулат.