ИНТЕГРАЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:14, 22 Август (Баш оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНТЕГРА́Л (лат. integer – бүтүн) – матем. ана­лиздин ж-а математиканын негизги түшүнүк­төрүнүн бири. Ал туундусу б-ча функциянын


өзүн табуу ж-а f(x) функциясынын а≤х≤b ке­синдисиндеги графиги м-н абсцисса огунун ор­тосундагы аянтты эсептөө маселелерине байла­ныштуу келип чыккан. Бул эки маселеге ыла­йык аныкталбаган И. ж-а аныкталган И. бо­луп айырмаланат. Өз ара байланышкан И-дар­дын бул эки түрү ж-а башка түрдөгү И-ды чыга­рууну изилдөө интеграл эсептөөлөрү маселесин түзөт. «И.» терминин биринчи жолу швейцария­лык математик Я. Бернулли колдонгон (1690).
Үзгүлтүксүз функциядан алынган И-ды интег­ралдык сумманын предели катары аныктоо О. Кошиге (1823) таандык, к. Коши интегралы.