ИНТЕГРАЛ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИНТЕГРА́Л (лат. integer – бүтүн) – математикалык анализдин ж-а математиканын негизги түшүнүктөрүнүн бири. Ал туундусу боюнча функциянын өзүн табуу ж-а f(x) функциясынын а≤х≤b кесиндисиндеги графиги м-н абсцисса огунун ортосундагы аянтты эсептөө маселелерине байланыштуу келип чыккан. Бул эки маселеге ылайык аныкталбаган интеграл ж-а аныкталган интеграл болуп айырмаланат. Өз ара байланышкан интегралдардын бул эки түрү ж-а башка түрдөгү интегралды чыгарууну изилдөө интеграл эсептөөлөрү маселесин түзөт. «Интеграл» терминин биринчи жолу швейцариялык математик Я. Бернулли колдонгон (1690). Үзгүлтүксүз функциядан алынган интегралды интегралдык сумманын предели катары аныктоо О. Кошиге (1823) таандык, к. Коши интегралы.