ИНСТИНКТ
ИНСТИ́НКТ (лат. instinctus – пайда болуу, ойгонуу) – организмдин тарыхый өрчүү процессинде иштелип чыккан, алардын белгилүү тиричилик шартына ыңгайлануусунун бирден-бир формасы. Жаныбар түрүнө тубаса мүнөздүү жүрүм-турумуна түрткү болуучу татаал кыймыл-аракеттеринин жыйындысы. Инстинкт жаныбардын шарттуу ж-а шартсыз рефлекстик ж-а аракеттеринин татаал чиеленген элементтери. Инстинкт нерв системасы татаал бардык жаныбарларда байкалат. Мындай кубулуштарды балыкта, канаттууда, сүт эмүүчүдө, айрыкча топтошуп жашоочу курт-кумурскалардан көрүүгө болот. Инстинкт П. Павловдун пикири боюнча жаныбарда ар түрдүү, биологиялык маанисине карата бир нече топторго бөлүнөт: азык издөө (олжосун аңдуу, кышка карата азык даярдоо ж. б. у. с.), коргонуу (мисалы, тиш, тырмактын, жүрүм-турумунун ар кандай позалары), жыныстык (балыктардын урук таштоо учурундагы миграциясы, канаттуунун ж-а сүт эмүүчүнүн үйүгүшүүсү), ата-энелик (тукумуна кам көрүү, уя салуу, эмизүү ж. б.). Адамдын инстинкти аң-сезимге байланыштуу, себеби адамдын жүрүш-турушу коомдук турмуш, социалдык мамилелер м-н жөнгө салынып, жогорку нерв системасынын өзгөчө формаларынын негизинде калыптанат. Инстинктти изилдөөнүн медицинада психикалык ооруларды аныктоо үчүн, ветеринарияда жаныбарларды тандоодо ж-а байырлаштырууда, айыл чарба зыянкечтерин жоготууда мааниси чоң.